Чаткалда кар көчкү түшүп жаап калган жол ачылууда
Бөлүшүү:
23-февраль күнү саат 16:50 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-88-чакыр аралыктарында (Рават тилкеси) 8000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат бөлүмү билдирди.
Жабыркагандар жок. №27 ЖТИден 2 даана техника тартылып, саат 20:40та унаа жол бир тараптуу ачылган. 24-февраль күнү саат 07:30да кеңейтүү иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-kar-kchk-tshp-unaa-zholu-zhabylgan
Добавить комментарий ×