Чаткалда изделип жаткан жаран, суудан өлүк табылды

22 июль 2020 12:49 1498 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чаткалда изделип жаткан жаран, суудан өлүк табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Арпа-Төктү тилкесинде 15-июлдан бери 1959-жылы туулган эркек жаран дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-июль күнү 102 кызматынан түшкөн.

Кечээ, 21-июлда издөө иштерин жүргүзүүгө Чаткал райондук №81 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында, Чаткал дарыясынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-izdelgen-zharan-suuga-chgp-sg-tabyldy



Добавить комментарий