Бишкекте күйөөсү аялын сабап, баласын алып качып кетти

8 август 2020 13:21 1801 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аялын катуу сабап, баласын алып качкан кишиге чара көрүлүшү керек. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытовдун билдирүүсүнө таянып “Барометр” билдирет.

Сабалган келин КРнын акыйкатчы аппаратынын аялдардын, балдардын укугун коргоо бөлүмү тарабынан коргоого алынды.

Күйөөсү тарабынан сабалган келин, баласын атасына көрсөткөнү жолугушууга барган. Көрүшүүдө күйөөсү аялын катуу сабап, баласын алып качып кеткен.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууга келин жана анын баласы менен барууга Октябрь районунун ички иштер бөлүмунун кызматкери бөлүнгөн. Бирок, окуя болгон учурда укук коргоо кызматкери жок болгон. Учурда анын кайда болгону такталууда.

Кеч киргенде кичинекей бала табылып, апасына кайтарылды.

Катуу сабалган келин сотмедэкспертизадан өтүп, учурда жыйынтыгын күтүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/chara-krlsh-kerek-ayalyn-sabap-balasyn-alyp-kachyp-ketti



Добавить комментарий