Чалкасынан жатып уктоонун пайдасы

12 январь 2022 11:05 8143 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Уйку кангыча уктаган менен таң эрте чарчаңкы абалда ойгонгон учур ар бири бизде кездешет. Бул учурда биз канча саат эмес, кандай абалда жатып уктаганыбызга көңүл бурушубуз керек. Уктоого ыңгайлуу абалды тандоо менен туура жазданып жатуу идеалдуу уйкуну камсыз кылат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Жер жүзүндө адамдардын басымдуу бөлүгү чалкасынан жатып укташат. Бул абал башты, моюнду жана омурткаларды бир калыпта кармоо менен сөөктөргө жана булчуңдардын тырышпай кенен эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Дагы бир жакшы жери - зарна болуудан алыс кылат. Ал тургай, косметологдор жүзгө бырыш түшүп эрте картаюну каалабаган жана көкүрөгү салбырап калуунун алдын алгысы келген айымдарга чалкасынан жатып уктоону сунушташат.

Терс жактары 

Бул абалда жатуунун бир жаман жери - уктагандардын басымдуу бөлүгү коңурук тартат. Уйкуга кеткенде тил дем алуу жолун жаап калат да, дем алуу кыйындап башкача үн чыга баштайт. 

Изилдөөчүлөр чалкасынан жаздык жазданбай уктоо ден соолук үчүн пайдалуу болгону менен жаман түштөрдү көбүнчө чалкасынан жаткан абалда көрүшөрүн далилдешкен. 

Астма, талма, өнөкөт өпкө оорусу барлар, кош бойлуулар жана карып калгандарга чалкасынан көпкө жатууга болбойт.



Ссылка: https://barometr.kg/chalkasynan-zhatyp-uktoonun-pajdasy



Добавить комментарий