Чалдыбар көзөмөл-өткөрүү пунктунда тиешелүү документи жок 37 тонна жүк кармалды
“Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан бензиндин өзгөчө жыты бар 37 тонна суюк затты алып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу финансы полициясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча финансы полициясы “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунун Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте акциз алдындагы топтун товарларынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетин токтотту.
Ошентип, 2020-жылдын 11-декабрында “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан күйүүчү-майлоочу материалды жеңил көмүр суутек аралашмасына жамынтып, бензиндин өзгөчө жыты бар 37 тонна суюк затты алып бара жаткан “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалган. Сурамжылоонун жүрүшүндө аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен көрсөтө алган эмес, ошондуктан товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу жогоруда аталган жүк ташуучу унааны кармоо жана унаа токтотуучу жайга жайгаштыруу жол-жобосун жүргүзүшкөн.
Учурда, бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/chaldybar-kzml-tkr-puktunan-tieshel-dokumenti-zhok-37-tonna-zhk-karmaldy
Добавить комментарий ×