Кыргызстан бензин эң арзан өлкөлөрдүн рейтингине кирген жок

20 октябрь 2023 17:49 1185 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан дүйнөдө бензиндин баасы эң арзан өлкөлөрдүн рейтингине кирген жок. Бул тууралуу  EnergyProm сайтына шилтеме берип “Баромет” билдирет. 

Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрына карата дүйнөдөгү эң арзан бензинди Египеттен сатып алса болот: литри 0,32 доллар. Андан кийин Алжир (0,32 доллар) жана Кувейт (0,34 доллар) сыяктуу өлкөлөр турат.

Коңшу Казакстан бензин арзан өлкөлөрдүн арасынан бешинчи орунда, литри 0,46 долларга бааланды. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң арзан бензин Казакстанда. Ал эми, Россия жетинчи орунда турат, литри 0,53 АКШ доллар турат.

Азербайжанда бир литр бензиндин баасы 0,62 долларды, Беларуста — 0,75 долларды, Өзбекстанда — 0,89 долларды, Арменияда — 1,2 долларды, Украинада — 1,44 долларды түздү.

Эң кымбат бензин Гонконгдо (2,88 доллар), Финляндияда (2,23 доллар) жана Грецияда (2,14 доллар) болгон.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө, литр күйүүчү майдын баасы 0,799 АКШ долларынан сатылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-benzin-e-arzan-lklrdn-rejtingine-kirgen-zhok



Добавить комментарий