Чаекте турак үйлөрдү суу каптады (Сүрөт)

28 июль 2020 09:14 620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чаек айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорун кокту-колоттордон келген суулар каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 27-июлда саат 14:30 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунда сел жүрдү. Катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Чаек айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптаган.

"Жерине Жумгал району боюнча ӨКБнүн башчысы, Жумгал райондук №43 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 20 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, №21 ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылган", - деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш  эскертүү таркаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/chaekte-turak-jlrd-suu-kaptadysrt



Добавить комментарий