Чачтын түшүүсүнүн беш себеби
Чачтын түшүүсүнө ар кандай себептер болот экен. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Адистер бул боюнча төмөнкү беш себепти аныктады.
1. Тукум куучулук
Илгертен эле генди эч ким өзгөртө алган эмес. Мына ошого байланыштуу чачтын түшүүсүнө тукум куучулук бирден-бир себепкер. Мисалга, генге байланыштуу атасынын же апасынын чачы жаш кезинде түшкөн болсо, анда ал сөзсүз баласына таасирин тийгизбей койбойт.
2. Гормоналдык өзгөрүү
Чачтын түшүүсү аялдардын турмушка чыккан же чыкпагандыгына карабайт. Ал жаш кыздарда да көп кездешет. Ага себеп катары организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөр болуп саналат. Мындай учурда, сөзсүз дарыгерге көрүнүш керек.
3. Туура тамактанбоо
Организмге толук кандуу суу жетпегенде да чач түшөт. Башкача айтканда, күнүмдүк рационго ар кандай витаминдүү тамак-ашты колдонуш керек.
4. Стресс
Стресс дагы чачтын түшүүсүнүн бирден-бир себепкери. Андыктан, стресске кабылбаганга аракеттениңиз.
5. Ден соолук
Биз кээде чачтын түшүүсүнө туура тамактанбоо, экологиянын начар болушу деп ойлойбуз. Алардан сырткары да ден соолукка байланыштуу себептер болушу мүмкүн. Маселен, зоб, жүрөк кан-тамыр ооруусу жана кан басымдын жогору болушу.
Ссылка: https://barometr.kg/chachtyn-tshsnn-besh-sebebi
Добавить комментарий ×