Бюджетте иштегендерге мамлекеттик ипотекага билдирме берүү убактылуу токтоду

14 октябрь 2021 16:39 2156 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып «Бакай Банк», «Айыл Банк» жана   «РСК Банк» ачык акционердик коомдору “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында бюджет тармагында иштеген кызматкерлерге “Жеңилдетилген насыя” багыты боюнча билдирмелерди кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында айтылганын “Барометр” маалымдайт.

Бул аталган багыт боюнча ипотекалык насыялардын суроо-талабы абдан көп болуп жатканы жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын шериктеш банктары азыркы учурда бекитилген лимиттин чегинде насыя берүү үчүн билдирмелерди кабыл алып койгонуна байланыштуу болууда.

“Билдирмелерди кабыл алууну жаңылоо шериктеш-банктардагы азыркы билдирмелерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча башталат.Аталган күн жана убакыт качан болору Мамлекеттик ипотекалык компания ачык акционердик коомунун сайтында көрсөтүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/byudzhette-ishtegenderge-mamlekettik-ipotekaga-bildirme-ber-ubaktyluu-toktodu



Добавить комментарий