Быйылкы Кадыр түн качан болору айтылды

22 апрель 2021 17:39 2303 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул жылы Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Кадыр түн Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет.

Эске сала кетсек, быйылкы Орозо 13-апрелде башталган.

Кадыр түндү мусулман баласы жалгыз тоссо болот. Кадыр түн күнү обочолонуп, түнү бою куран, намаз окуп, зикир чалып, Алла Тааладан каалоо-тилектеринин орундалышын сурай алат.

Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Кадыр түн күнү инсан эки ирет намаз окуса, 83 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылып келет. Андыктан бул түндү инсан жакындары менен болушунча пайдалуу амалдарды аткарып өткөрүүгө аракет кылуусу керек.

Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин созулат. Адам ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу күндүн жарыгы жерге тийгенге чейин отурууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жок дегенде ооз жабууга чейин дуба кылып, анан эртең мененки намазды окуп уктаса болот.

Кадыр түндү шаң кылып, музыка менен ырдап, бийлеп өткөрүүгө болбойт. Бирок үйдөбү, жумуштабы же жолдобу Кудайга кулчулук кылып өткөрө берсе болот. Сѳзсүз мечитте өткөрүү шарт эмес. Ал эми дасторкон жаюуда, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнѳ жараша жей турганын коё берсе болот.

Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусy керек. Көп дуба кылyу керек. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек. Өткөн күнөөлөргө тооба кылуу керек. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек. Бул ыйык Кадыр түн баарыбызга тынчтык, ынтымак жана бакыт алып келүүсүн жараткандан тилешибиз керек!

Ссылка: https://barometr.kg/byjylky-kadyr-tn-kachan-boloru-ajtyldy



Добавить комментарий