Быйыл 102 жаштагы Но Ланаи Эне ажылыкка келди

17 август 2019 16:50 1123 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Таиланддын Сонгкхла провинциясынын Тефа районунун 102 жаштагы тургуну Но Ланаи Эне 2019-жылдагы эң улгайган Ажы болду.

Бул тууралуу musulmanka.su айымдар журналы жазды.

Маалыматка ылайык Но Ланаи Ыйык сапарга баласы менен келген. Жашы карыса да өзүн жакшы алып жүргөнүнө карабай, Ажылыктын баштапкы амалдарын аткарууда кыйналбасын деп ага коляска берилген.

Но Ланаи Эне “PRD Thai Hajj” жаңылыктар порталына маек берип, көп жылдардан бери Ажыга барууга ниеттенип, акча чогултканын, жыл сайын бир жагдай себеп болуп келе албай жүргөнүн билдирген.

Ланаи айым Ажыга баруу үчүн Ажылыктын негиздери боюнча сабактарга барып, физикалык жактан керектүү көнүгүүлөрдү жасап машыккан.

Ажы зыяратына келген эң улгайган айым Ажылыкка ниеттенип, бирок келе албай жаткандарга кайрылып, Жараткандан Ажылыкка барууну буйур, деп бата тилеп, дайыма дуа кылууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-102-zhashtagy-no-lanai-ene-azhylykka-keldi



Добавить комментарий