БУУ: Августта дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады

3 сентябрь 2021 17:46 1769 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Август айында дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады.Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Азык-түлүк баалары жылдык мааниде алганда август айында 32,9 пайызга кымбаттаган.

Баарынан көп кымбаттоого туш болгон азык - кум шекер болду, анын баасы июль айына салыштырганда 9,6 пайызга жогорулады.

Мындан тышкары август айында өсүмдүк майы 6,7 пайызга баасын жогорулатты. Негизинен пальма, рапс жана күнкарама майынын баасы кымбаттаган.

Дан азыктарынын кымбаттоосу 3,4 пайызды түздү. Буудайдын наркы июль айына салыштырганда бир айдын ичинде дароо 8,8 пайызга көтөрүлгөн.

Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы ушуну менен он айдан бери катары менен жогорулап жатканын жана 7 жылдагы эң кымбат баанын чегине жеткенин билдирген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/buu-avgustta-djnd-azyk-tlktn-baasy-keskin-kymbattady



Добавить комментарий