Президент көмүр Бишкекке ортомчулары жок түз жеткирилерин айтты

16 ноябрь 2021 13:46 1632 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Кеченин көмүрү Бишкекке ортомчулары жок түз жеткирилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы ишкер кеңештин биринчи жыйынында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.     

Анын айтымында, көмүрдүн баасын аны сатып алып кайра саткандар кымбаттатып жиберишкен.

“Коррупция калктын арасында дагы жайылып кеткен. Мисалы, азыр көмүрдүн баасы абдан актуалдуу. Кара-Кечеде көмүрдү 1 миң 300 сомдон жүктөп жана унааларды социалдык объектилерге же кайсы бир аймакка жөнөтүшөт. Алар Бишкекке келип 6 миң сомдон сатып жатышат.Бул дагы коррупция. Ошондуктан биз Бишкекте көмүрдү өз баасында саталы деп чечтик, ал эми ортомчулар аймактарга барсын. Алар ал жакта 3 миң 400 сомдон жогору сата алышпайт”,-деп айтты президент.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-kmr-bishkekke-ortomchulary-zhok-tz-zhetkirilerin-ajtty



Добавить комментарий