Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекет убактылуу чектөө киргизди

12 октябрь 2021 12:59 2175 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда көмүрдүн баасы мамлекет тарабынан убактылуу жөнгө салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.   

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

“Чечим баалдардын кымбаттап кетишине жол бербөө жана күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Убактылуу чектөө киргизүү 90 календардык күнгө эсептелди”,-деп айтылат маалыматта.

Экономика жана каржы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине баалардын өсүп кетишин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, бир жылдын аралыгында Кыргызстанда көмүрдун баасы орточо алганда 715,8 сомго кымбаттады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kmrdn-baasyna-mamleket-ubaktyluu-chekt-kirgizdi



Добавить комментарий