БУУ Афганистандагы жагдайга катуу кабатыр болуп жатканын жарыялады

12 августа 2021 11:35 1136 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен улуттар уюмун Афганистандагы жагдай катуу кабатыр кылып жатат. Бул тууралуу ТАСС булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган ведомствонун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик БУУ өлкөдө болуп жаткан жагдайды байкоо салып жатат жана афган тарап менен байланышууда деп билдирди.

Дюжарриктин айтымында, Афганистандагы чатактан жарандык калк зыян тартууда.

БУУ ошондой эле акыркы күндөрдөгү чатактарда Афганистанда эң аз дегенде 27 жашы жете элек бала каза таап жана 136 жергиликтүү тургундар жабыркаганын маалымдады.Мындан тышкары өткөн айларда өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын кагылышынан миң ашуун жарандар каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/buu-afganistandagy-zhagdajga-katuu-kabatyr-bolup-zhatkanyn-zharyyalady



Добавить комментарий