Бурулайдын өлүмү боюнча сот дагы жылдырылды

13 ноябрь 2018 15:15 1221 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Свердлов райондук соту Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча ишти кароону кийинки жумага калтырды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, жараяндын жылышына айыпталуучунун адвокаты келбей калганы себеп болду. Кийинки териштирүү 22-24-ноябрга белгиленди.

Эске салсак, Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу да кармалган.

Ал эми сот иши үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталган.

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-lm-boyuncha-sot-dagy-zhyldyryldy



Добавить комментарий