Бурулайдын иши: прокурор милицияларды 5 жылга абакка кесүүнү сурап жатат

29 март 2019 15:20 2041 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн райондук сотунда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы беш кызматкерине карата болуп жаткан процессте тараптар жарыш сөзгө чыкты. 

Аларга карата КРнын Кылмыш кодексинин 316-беренеси- “шалаакылык” боюнча кине коюлуп жатат. Милиция кызматкерлеринин кайдыгерлигинен Бишкектин тургуну Турдали кызы Бурулай каза тапкан.

Прокурор Адилет Шыгаев жарыш сөздө милициялар туура эмес чечим кабыл алгандыктан, 2018-жылы 27-майда Марс Бодошев кабыл алуу бөлмөсүнө кирип барып Турдали кызы Бурулайды Жайыл ИИБинин имаратынан өлтүргөнүн айтты.   

Прокурордун айтымында  кызматкерлер Замир Айткожоев  менен Замир Байтереков Бодошевду жана анын унаасын текшеришкен эмес, ошондой эле протокол түзүлгөн эмес. 

Жайыл ИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери Ильич Иманалиев менен Мирлан Макеев ИИБге алып келгенден кийин Турдали кызы Бурулайдын коопсуздугун камсыздашкан эмес.   

Тергөөчү Эржан Кадышев Бурулайдын арызын убагында кабыл алган эмес.

Мындан улам мамлекеттик айыптоочу баардык соттолуучуларды 5 жылга абакка кесүүнү сурады.

Кыздын атасы Турдалы Кожоналиев соттон акыйкат чечим чыгарууну, эки кызматкерди актап калгандарын абакка кесүүнү өтүндү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-ishi-prokuror-miliciyalardy-5-zhylga-abakka-kesn-surap-zhatat



Добавить комментарий