Бүтүндөй зал Артыкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды

11 апрель 2019 10:36 1336 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 10-апрелде  Свердлов райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди коргоочусу анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүндү. 

Жактоочу Нурлан Садыков Артыкбаевдин ден соолугунун абалына көңүл бурууну сурады.

“Биз өзүбүздүнг коргоочубуздун абалына тынчсызданып жатабыз. Ал омуртка сөөгүнө эки олуттуу операция жасаткан. Учурда аны дайыма карап турууга туура келет. Артыкбаевди камакка алуу эл аралык конвенцияга ылайык кыйноого тете болуп саналат”,-деп айтты адвокат.

Судья башка фигуранттардын жактоочуларынан Артыкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч жөнүндө сурады.

Башка айыпталуучулардын жактоочулары жана фигуранттардын өздөрү дагы бир ооздон Артыебаевдин өтүнүчүн канааттандырууну колдоп чыгышты.

“Гумандуулук кылыш керек”,-деп бир ооздон айтышты сот процессинин катышуучулары. Ал тургай башында Артыкбаевди күнөөлүү кылыгысы келген айрым фигуранттардын жактоочулары дагы депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү зарыл экенин баса белгилешти.

Эскерте кетсек, Артыкбаев ден соолугунун абалына байланыштуу өз алдынча жүрө албайт жана процесске медициналык коляска менен келди.

Судья жактоочулар менен айыпталуучулардын пикирин угуп жыйын залына кетти. Коргоонун келтирген жүйөлөрүнө карабай сот өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Ссылка: https://barometr.kg/btndj-zal-artykbaevdin-bash-korgoo-charasyn-zgrtn-surandy



Добавить комментарий