БШК Ош шаарында өткөн Quiz Night интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүлөрүн аныктады

7 январь 2021 13:07 732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Эл аралык шайлоо системалары фондунун (IFES) өкүлчүлүгү тарабынан USAIDдин колдоосу менен уюштурулган Quiz Night интеллектуалдык оюну болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Катышуучулар - жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана Ош шаарындагы коомдук актвисттердин лидерлери Кыргызстандагы шайлоолордун тарыхы жана парламентаризм, шайлоо мыйзамдары, жаңы шайлоо тутумун ишке ашыруу баскычтарын билүү үчүн ат салышты. Шайлоо процессинин алкагындагы ЖМК менен БШКнын өз ара аракети, шайлоонун гендердик жана инклюзивдик компоненттери жөнүндө суроолор берилди. Журналисттер жана ЖОЖдордун өкүлдөрү Кыргызстанда өткөрүлгөн референдум, үгүт жүргүзүү эрежелери, шайлоону санариптештирүү боюнча өз билимдерин көрсөтүштү, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо тутумунун түзүлүшүн жана өнүгүү тарыхын эскеришти.

Интеллектуалдык оюндун алкагында 12 команда түзүлдү. 

Төмөнкү командалар Quiz Night конкурсунун жеңүүчүлөрү аталды:

Команда «Ош ТВ». Капитан – Гулшайыр Турдали кызы.

Команда «Достор». Капитан - Медербек Абдыманапов.

Команда «Т-медиа». Капитан – Нурлан Адаев.

Төртүнчү орун эки командага берилди: команда «Universe». Капитан - Медер Ниязалиев. Команда «Пентагон». Капитан - Сапарали Патаев.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Интеллектуалдык оюндун башталышында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов катышуучуларга кайрылды. Ал Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу боюнча жигердүү иш алып барып жаткандыгын белгиледи.

“ Иш-чаранын максаты - журналисттердин, блогерлердин, активдүү жарандык позициясы бар жарандардын Кыргыз Республикасында боло турган кезексиз президенттик шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун компетенттүү чагылдыруу боюнча натыйжалуулугун жогорулатуу», - деди ал.

Бекматов ошондой эле, эл аралык фонддун өкүлчүлүгүнө узак мөөнөттүү өнөктөштүгү, ар кандай маалыматтык жана түшүндүрмө материалдарды чыгарууга көмөктөшкөндүгү, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды техникалык жактан колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

БШКнын төрайымынын орун басары калкты шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу маалымат менен камсыз кылууда ЖМКнын ролу чоң экендигин белгилеп, журналисттерди шайлоо процессин объективдүү чагылдырууга активдүү катышууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-osh-shaarynda-tkn-quiz-night-intellektualdyk-oyununun-zhechlrn-anyktady



Добавить комментарий