Брюссельден Токиону көздөй учуп бара жаткан учак авариялык конуш жасады

23 июнь 2018 22:00 1647 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

  Ишемби күнү Брюссельден Токиону көздөй учуп бара жаткан  Япониянын All Nippon Airways компаниясынын жүргүнчүлөрдү ташыган Boeing-747 учагы  Хельсинки аэропортуна экстремалдуу конуш жасады. Бул тууралуу news.rambler.ru маалымат агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда авариялык конуштун себеби учактын тетиктеринде техникалык мүчүлүштүктөр болгон. 

Лайнердин ичинде 160 жүргүнчү жана экипаждын кызматкерлери бара жаткан. Эч ким жабыркаган жок деп билдирет Kyodo маалымат агенттиги.

Ссылка: https://barometr.kg/bryusselden-tokionu-kzdj-uchup-bara-zhatkan-uchak-avariyalyk-konush-zhasady



Добавить комментарий