Британиялык белгилүү ырчы боз үйдө кыргызча ырдады
Бөлүшүү:
Британиялык белгилүү ырчы Жосс Стоундун Гүлзада Рыскулова менен аткарган кыргызча дуэти интернетке тарады. Видео март айында Total World Tour долбоорунун алкагында тартылган. Алар Гүлзада Рыскулованын "Толгонуу" аттуу ырын боз үйдө олтуруп, жандуу үн менен дуэт аткарышкан.
Жосс Стоун Британиялык киноактриса жана ырчы. 2003-жылы алгачкы The Soul Sessions альбому менен дүйнөгө таанымал болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/britaniyalyk-belgil-yrchy-boz-jd-kyrgyzcha-yrdady
Добавить комментарий ×