Британ министри кол алдындагы кызматкер менен өбүшүп кызматтан кетти

28 июнь 2021 10:50 8560 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок кол алдындагы  кызматкер аял Джина Коладанджело менен кабинетинде өбүшүп жаткан сүрөттөрү жана видеосу ( video ) The Sun гезитине жарыяланып кеткенден кийин кызматтан кетти.

Учурда министрлик бул видео кандайча жаздырылганы жана журналисттердин колуна кантип тийип калганы тууралуу иликтөө жүргүзүп жатат. Видеодо министр кол алдындагы кызматкери менен кучакташып өбүшүп жатканы тартылган.

Министрдин кызматтан кетишинин негизги себеби пандемия учурунда социалдык аралыкты сактабагандыгы. Окуянын этикалык тарабы экинчи планда калууда.

“Ковид күч алып, пандемия эрежелери катаалдашып турган маалда Саламаттыкты сактоо министринин мындай жоругун кечирүүгө болбойт. Башкаларды социалдык аралыкты сактоого чакырып коюп, бирок өзү ушундай кылыкка барганын кандайча түшүнсө болот?”, - деп суроо салган оппозициялык Лейбористтер партиясынын өкүлдөрү.  

43 жыштагы Хэнкок үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Анын көңүлдөшүнүн да үй-бүлөсү жана балдары бар.

(Сүрөттөр The Sun гезити жарыялаган видеодон алынды).

Ссылка: https://barometr.kg/britan-ministri-kol-aldyndagy-kyzmatker-menen-bshp-kyzmattan-ketti



Добавить комментарий