Бразилиянын президентинин тарапташтары Жогорку сотту курчоого алышты (видео)
Бразилиянын президенти Жаир Болсонарунун чакырыгын угуп митингге чыккандар өлкөнүн көз карандылык күнүн Жогорку соттун имаратын курчоого алуу менен белгилешти. Бул тууралуу France 24 булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
Болсонарунун тарапташтары имаратка чабуул коюшу мүмкүн экени айтылгандан кийин Жогорку сотту кайтарууга кошумча күчтөр тартылды.
Калың топту кармап туруш үчүн полиция көздөн жаш чыгаруучу газды колдонду.
Аталган өлкөнүн борбору Бразилиа шаарында болгон митингде президенттин тарапташтары полициянын курчоосун жарып өтүүгө аракет кылышты.
Окуя президент аталган өлкөнүн Жогорку сотун жана Конгрессин анын реформаларын токтотуп жатат деп жарыялагандан кийин болду. Болсонару Бразилиянын эгемендик күнүндө өзүнүн тарапташтарын демонстрацияга чыгууга үндөгөн.Учурда митинг уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/braziliyanyn-prezidentinin-taraptashtary-zhogorku-sottu-kurchoogo-alyshty-video
Добавить комментарий ×