Бразилияда кызганчак күйө аялын жана баласын ууландырды

26 сентябрь 2020 09:45 824 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бразилияда күйөөсү  кызганычтан улам аялын уу менен ууландырган, ошол учурда аялдын эмчектеги баласы да энесинин сүтү аркылуу ууланып калган. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бразилиялык аялды этке ууландырган. Ал өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып жолдошуна ооруканага алып баруусун өтүнгөн. Бирок, күйөөсү тескерисинче, аларды токойго алып барып, аялы менен баласыны кыйналып каза болгуча күтүп туруп, анан ошол жерге көмүп салган.

Киши кылган ишин мойнуна алып, бирок баланын өлүмү байкоосуздан болгонун кошумчалады. Ошондой эле полиция кызматкерлерине аялы менен баласынын сөөгүн көмгөн жерди көрсөттү.

Гезитте белгиленгендей, күйөөсү аялы башка киши менен жашоону пландап жаткандыгы жөнүндө билгенден кийин ушул ишке барган. Аял каза болгондон кийин, ал туугандарына аялынын атынан табышмактуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, жакын арада боло турган жашоосундагы өзгөрүүлөр жөнүндө жазган. Аялдын улуу баласы апасынын жок болуп жаткандыгына сарсанаа болуп полицияга кайрылган.

Буга чейин Улуу Британиянын тургуну аялынын чыккынчылык кылганы жөнүндө билип, сүйүктүүсүн обочолонгон чарбага азгырып, өлтүрүп, өрттөп жибергени маалымдалган.

Ссылка: https://barometr.kg/braziliyada-kyzganchak-kj-ayalyn-zhana-balasyn-uulandyrdy



Добавить комментарий