Боронов: Ошто 6 айдан бери оор абалда жаткан дарыгерди Бишкекке алып келип дарылоо керек

29 сентябрь 2020 12:54 666 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Кубатбек Боронов  6 айдан бери оор абалда жаткан Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине түзүлгөн абалды иликтеп чыгууну жана дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде мындан ары дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү  мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Кубатбек Боронов ошондой эле дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Мукарам Ураимова 2020-жылдын 18-19-мартында, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка тутуштырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-oshto-6-ajdan-beri-oor-abalda-zhatkan-darygerdi-bishkeke-alyp-kelip-adisteshtirilgen-medicinalyk-mekemelerde-daryloo-kerek



Добавить комментарий