Боронов: Кыргызстан боюнча өзгөчө абал киргизүүгө негиз жок

30 март 2020 15:42 1308 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан боюнча өзгөчө абал киргизүүгө негиз жок экенин маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын бир катар аймактарында коронавирус аныкталган жок.

“Талас менен Ысык-Көлдө оору катталган жок. Андыктан азыр республика боюнча өзгөчө абал киргизүү боюнча муктаждык жок”, — деди ал.

Эгер өзгөчө абал киргизиле турган болсо анын жол-жобосу белгиленген нормада ишке ашарын кошумчалады.

“Азыр штабдын республика боюнча өзгөчө абал киргизүү боюнча пландары жок. Эгер киргизүүгө туура келсе, аны карап чыгып, ар бир аймак боюнча коменданттар дайындалышы керек”, — деди.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 94 кишиге жукканы тастыкталды.

Ошол эле маалда коронавирус жуккан адам, оорудан сакайып, бүгүн, 30-мартта, үйүнө чыгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-kyrgyzstan-boyuncha-zgch-abal-kirgizg-negiz-zhok



Добавить комментарий