Боронов: "Коронавирустун экинчи толкунуна терең талдоо жүргүзүү керек"

28 июль 2020 15:43 2515 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга персоналдуу түрдө жооп берет. Күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратат деп, бошоңдоп калбастан, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн буга чейин белгилегенген иштерди жүргүзүүнү улантуу керек. Өзгөчө илдеттин кесепитенен каза болгон учурлардын алдын алуу боюнча жумуштарды күчөтүңүздөр», - деп билгиледи премьер-министр.

Жыйында эксперттер жана адистерден турган топ тарабынан иштелип жаткан дарылоонун жаңы протоколу тууралуу маалымат берилип, өкмөт башчы коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасын эске алуу керектигин айтты.

Ошондой эле Боронов мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ооруканаларга керектүү жабдууларды алып келүү иштерин күчөтүүнү милдеттендирди.

«Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография, рентген аппаратын сатып алуу боюнча иштерди катуу көзөмөлгө алуу шарт. Ошондой эле коронавирус жугузуп алган жарандар дарыланып жаткан ооруканаларда кышкысын аба айланып туруш үчүн рециркуляторлор орнотулууга тийиш», - деп кошумчалады премьер-министр

Жыйындын соңунда Боронов Саламатттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине эпидемиалогиялык кырдаалдын кийинки баскычына жана илдеттин болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна терең талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/boronov-ajmaktardagy-epidemiologiyalyk-abaldy-kzmldn-chygarbaj-katuu-tesk-kere



Добавить комментарий