Боомдо селдин кесепетинен жабылган жол бир тарапттуу ачылды

1 август 2022 16:51 879 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Катуу жааган жаандан улам сел жүрүп Боом капчыгайындагы жолду жаап калган. Учурда жол бир тараптуу ачылганын "Барометрге" ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 154, 155-чакырымында, Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган. 

"Учурда жол бир тараптуу ачылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан унааларды кезеги менен өткөрүп, жеринде түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө. Көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/boomdo-seldin-kesepetinen-zhabylgan-zhol-bir-tarapttuu-achyldy



Добавить комментарий