Болсунбек Казаков үй камагына чыгарылды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун экс-жетекчиси Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 12-мартта Биринчи Май райондук соту ишти карап, анын адвокаты Максатбек Молдалиевдин Казаковдун оорусуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүн канааттандырган.
Сот айыпталуучу мурда соттолбогонун жана үй-бүлөлүү экенин эске алды. Баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Эскерте кетсек, Болсунбек Казаков Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык деп айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектүү катары кармалып, 2018-жылдын апрель айынан бери камакта отурган.
Ссылка: https://barometr.kg/bolsunbek-kazakov-j-kamagyna-chygaryldy
Добавить комментарий ×