Болгариялык журналистти өлтүрөрдүн астында зордукташкан, учурда ишмердигине тиешеси барбы жокпу изилдеп жатышат
Бөлүшүү:
Болгариялык журналист Виктория Маринованы өлтүрөрдүн алдында зордукташкан. Бул тууралуу Болгариянын ички иштер министри Азаттыкка билдирди. Учурда журналисттин өлүмү анын ишкердиги менен байланышы барбы же жокпу изилдеп жатышат. Белгилүү болгондой журналист Евросоюз фондусунан уурдалган каражаттар боюнча чуулгандуу сюжеттерди даярдап жүргөн.
Эске салсак, 7-октябрда Болгариядагы Русе шаарынан 30 жаштагы журналисттин жансыз денесин парктан табышкан. Анын муунтулуп, кыйноо менен өлтүрүлгөнү маалым болгон. Айрым кийимдери жана унаасынын ачкычы, чөнтөк телефону дагы жоголуп кеткен.
Добавить комментарий ×