Блогер Sydyman үй камагына чыгарылды

28 февраль 2020 10:38 1351 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык соту блогер Элмир Сыдымановду (Sydyman) үй камагына чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон “Барометр” маалымат агенттигине билдиришти.

Аны соттун имаратынын алдынан жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, Instagram тармагында Sydyman деген ат менен таанылган блогер Элмир Сыдыман расалык, этникалык, улуттук диний жана аймактар аралык кастыкты козутту деген шек менен кармалып, камакка алынган болчу.

Сыдыманов өзү учурда абалы туруктуу экенин журналисттерге билдирди.

Ал андан сырткары хейтерлерине кайрылганын соттор дагы аныкташканын айтты. Блогер элди түндүк, түштүк деп бөлүүнү каалаган эместигин айтып, кайрылуусунда жаман сөздөрдү колдонгону үчүн кечирим сурады.

Эми мындан кийин түз эфирде мындай нерселерди кайталабайм деп ишендирди.

Ссылка: https://barometr.kg/bloger-sydyman-j-kamagyna-chygaryldy



Добавить комментарий