Бизнесте жана иште эч качан иштешпей турган 5 адам
Азыр бизнестин доорунда жашап жатабыз. Бардыгы жумуштан качып ийгиликтүү ишкер болугулары келет жана өзүнүн ишмердигин социалдык түйүндөр аркылуу чагылдырып жатышат.
Бирок көбү бизнесмендер менен бизнесвумендер - бактылуу жана ийгиликтүү адамдар деп ойлоп алып жаңылышат. Ооба туура бизнес баарына эле ылайык келе бербейт, ага ар бир адам муну жөндөп кете алат деп иллюзия курганга эч качан болбойт.
Бизнести баштарда эле эске ала турган көптөгөн нюанстар бар. Алардын бири команданы туура тандоо. Эгерде иш баштап жатканда төмөнкүдөй адамдарды алып алсаңыз, анда ишиңиз артка кете турганы анык.
Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен ишти илгерилетпей эле тоскоол боло турган адамдардын түрлөрүн билип алууну сунуштамакчы.
1. Ыкшоо адамдар
Ыкшоолук же эртең деле бүтүрөм деген эринчээктик жылдар бою эч нерсе өзгөрүү бербеген кайсы бир тынч жумушка пайдалуу болушу мүмкүн. Жалкоо адамдар эмгектин мындай түрүнө көнүп алышат жана активдүүлүктү талап кылган же чечимдерди башкача кабыл ала турган жерге иштей албай калышы толук мүмкүн.
Эч бир бизнес ыкшоолук менен жалкоолукка дал келбейт. Көп иштеп, идея таап, нөлдөн баштоого туура келет. Адам канчалык акылдуу болсо да бизнеске-энергиялуу, ал тургай энергиясы ашып ташыган адамдар керек.
2. Пессимист адамдар
Ар бир жумушта эле ушундай адамдарды кездештирсеңиз керек.Алардын дегеле маселелери бүтпөйт же реалдуулукту маселе катары кабыл алат. Анын пикиринде баары эле жаман. Сааттар бою көйгөйдү талкуулаганды жакшы көрөт.
Бизнесте ар түрдүү мүнөздөгү кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн, мындай пессимист адамдар ар дайым ишти артка тартканы тарткан.
3. Ачкөз адамдар
Тез эле байысам, көбүрөөк пайда тапсам деген адамдар менен иш баштаган дагы кооптуу. Акчага сугалактык кылган адамдар ишке көп тоскоолук жаратат.
Бизнесте акча-бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө гана жумшала турган каражат. Жеке пайда эмес бизнести кантип өнүктүрүү керектигин ойлонуу керек болот.
4. Өз алдынча болгусу келеген адамдар
Мындай адамдар менен иштешүү кыйын. Алар жалгыздап иш кылгысы келип жатып, команда менен иштегенди жактырбайт.Бул адамдар бизнестин идеологиясын оңой эле бузуп таштайт.
5. Достор
Достор мүмкүн болсо чогуу иш баштабай эле койгону дурус. Чын чынына келгенде бизнесте достук деген болбойт. Анын калса ишкерликте досторуңузду таарынтып албайын деп жатып, анын азабын өзүңүз эле тартышыңыз мүмкүн.
Бизнес-бул эмоциялар менен сезимдер болбошу керек болгон ишкер чөйрө. Достук бизнестин так эсебин оңой эле бузуп таштайт. Албетте мунун баары биздин элибиздин менталитетине канчалык деңгээлде туура келет аны турмуш көрсөтөт. Бирок бизнестин негизги мыйзамдары баары бир убакыттын өтүшү менен толук ошондой иштөөгө түртөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bizneste-zhana-ishte-ech-kachan-ishteshpej-turgan-5-adam
Добавить комментарий ×