“Бишкекжылуулукэнергонун” кызматкерлери тобу менен кан тапшырды

14 февраль 2020 12:32 847 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бишкекжылуулукэнерго” компаниясынын кызматкерлери “Жакшылык тартуула” кайрымдуулук акциясынын алкагында тобу менен кан тапшырышты. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Ага ылайык, кан тапшыруу ыктыярдуу негизде болгон. Алардын арасында биринчи ирет кан тапшыргандар менен мындай кайрымдуулук акцияларына катышып жүргөн кызматкерлер бар.

“Бүгүнкү биздин кызматкерлерибиз ишин республикалык кан борборунан баштады. Бул жактан биз кан берер алдында бардык процедуралардан өттүк. Андан кийин гана медайымдар бизди кан алуучу бөлмөгө чакырышты”, — деп айтылат маалыматта.

Ишкана үчүн мындай акция биринчи жолу өтүп жатат жана бул кайрымдуулук ишти кайталоону пландап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekzhyluulukenergonun-kyzmatkerleri-tobu-menen-kan-tapshyrdy



Добавить комментарий