Бишкектин жолдорунда жөө адамдар үчүн эскертүүчү жазуулар пайда болот
Бишкектин жолдорунда биринчи жолу жөө адамдар үчүн эскертүүчү жазуулар пайда болот. Бул тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Баланы колдон чыгарбаңыз!" "Кулакчынды чечиңиз!"; "Телефонго алаксыбаңыз!" "Өткөөлдүн коопсуздугуна ынаныңыз!" деген жазуулар жөө адамдардын катыштыгы менен болгон жол кырсыктарынын алдын аларын айтат.
Мындай чакырыктар Чүй проспектисинин Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары, Турусбеков, Исанов, Тыныстанов, Шопоков, Гоголь көчөлөрү менен кесилишкен жана Чүй проспектисинин Чыгыш-5 кичирайонун аралап өткөн жерлерине жазылат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-zholdorunda-zh-adamdar-chn-eskertch-zhazuular-pajda-bolot
Добавить комментарий ×