Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районунда 5-ноябрга чейин жылуулук берилбейт

2 ноябрь 2021 11:39 2186 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районунда жана Гагарин көчөсүндө жылуулук берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Жылуулукту өчүрүүгө «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому Джаманбаев көчөсүндөгү газ түтүгүн кескендиктен улам жаратылыш газын берүү токтотулгандыгы себеп болгон.

Мындан улам «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы дагы 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин жылуулук менен ысык суу берүүнү токтотууга мажбур болууда.

Ремонт иштерин «Газпром Кыргызстан» ишканасынын бригадасы жүргүзүп жатат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-tmnk-zhal-kichi-rajonunda-5-noyabrga-chejin-zhyluuluk-berilbejt



Добавить комментарий