Газ чыгып жаткан жерди оңдош үчүн көгүлтүр отун берүү токтотулат

26 ноябрь 2021 11:14 1739 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин бир катар райондорунда көгүлтүр отун берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, 29-ноябрдан 2-декабрга чейинки аралыкта жаратылышы газы берилбейт. Минская-Республиканская көчөлөрүндө жайгашкан, 1979-жылы курулган орточо басымдагы жер алындагы газ түтүгүндө жаратылыш газы чыгып жатканына байланыштуу ремонт иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Фучик, БЧК, Черепки, Жибек Жолу, Котельная көчөлөрүндө газ берүү токтотулат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/gaz-chygyp-zhatkan-zherdi-odosh-chn-kgltr-otun-ber-toktotulat



Добавить комментарий