Бишкекте газ жыттанып жатканы тууралуу маалыматка расмий жооп беришти

20 ноябрь 2021 13:23 1903 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин ар кайсы райондорунда көчөдө газ жыттанып жатканы тууралуу маалыматтар түшкөн. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому расмий маалымат бергенин “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, «Газпром Кыргызстан» билдирүүгө ыкчам реакция жасаган.

«Бишкекгаздын» авариялык кызматынын адистери бир нече жерге барышып атайын газ анализаторлорунун жардамы менен бир нече күн бою газ кудуктарын, абанын газын текшеришти. Бул изилдөөлөрдө жаратылыш газы болгон-метан абанын курамында табылган жок.

“Мындан тышкары авариялык кызматтын диспетчерлери газ куурларындагы газдын басымын күнү-түнү байкоого алып жатат. Азыркы учурда газ чыгып жаткан учур эч жерде табылган жок. Ишкананын баардык объектилери штаттык режимде иштеп жатышат”,-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-gaz-zhyttanyp-zhatkany-tuuraluu-maalymatka-rasmij-zhoop-berishti



Добавить комментарий