Бишкектин айрым көчөлөрүндө бир нече күн газ берилбейт
Поделиться в:
Эртең 2-ноябрдан тартып 5-ноябрга чейин Бишкектин Биринчи май районуна караштуу бир нече көчөгө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы «Газпром Кыргызстан» ишканасына шилтеме кылуу менен кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Фучик, Ленской жана Сергей Лазо көчөлөрүндө 20 абоненттин көгүлтүр отуну убактылуу өчүрүлөт.
Бул газ куурун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.
"Бишкекгаз" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ajrym-kchlrnd-bir-neche-kn-gaz-berilbejt
Добавить комментарий ×