Бишкектин тез жардам кызматы сасык тумоодон улам катуу иштеп жатат

21 октябрь 2021 15:53 1517 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги тез жардам борборунун жумушу курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялык оорулар менен ноокастагандардын көбөйүшүнөн улам эки эсеге жогорулады. Бул тууралуу аталган борбордун башкы дарыгердин орун басары Егор Борисовдун социалдык тармактагы постуна шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт

Орун басардын айтымында, учурда ОРВИ абдан көп тарап жатат.

“Бул коронавирус эмес, мезгилүү сасык тумоо. Саламаттыкты сактоо тармагына чыны менен катуу күч келип жатат. 103 кызматынын иши көбөйдү. Поликлиникалар дем алышсыз иштеп жатышат. Буга байланыштуу эртеңден тартып балдарды Диагностикалык борбордо кабыл алабыз”,-деп жазды орун басары социалдык тармактагы баракчасына.

Эскерте кетсек, Бишкектеги шаардык балдар ооруканасына курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруп кайрылган балдардын саны эки эсеге жогорулаганын аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева басма сөз жыйынында маалымдаган. Анакеева ооруканада бош орундар калбай калганын жана көпчүлүк балдар амбулатордук дарылоодо болуп жатканын кошумчалаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-tez-zhardam-kyzmaty-sasyk-tumoodon-ulam-katuu-ishtep-zhatat



Добавить комментарий