Бишкекте температурасы 40-41 градус болуп ооруган балдар көбөйүүдө

19 октября 2021 14:15 1590 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги шаардык балдар ооруканасына вирустук инфекциялар менен ооруп кайрылган балдардын саны эки эсеге жогорулады. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева басма сөз жыйынында маалымдагандын “Барометр” кабарлайт.

Ал оорукана коронавирус пандемиясы башталгандан бери кызамык жана вирустук гепатиттен тышкары баардык жугуштуу оорулар менен ооруган балдарды кабыл алып жатканын белгилеп өттү.

“Ооруканага кайрылгандардын саны акыркы күндөрү жогорулап кетти. Эгерде мурда педиатрлар 200 балага чейин кабыл алса, эми 400 баланы карап жатат. Бул курч кармаган респиратордук оорулардын көбөйүшүнөн улам болуп жатат го деген пикирдебиз. Бирок биз буга далил бере албайбыз, азыр сасык тумоо жүрүп жатат деген ойдобуз. Анткени көпчүлүк балдар 40-41 градус болгон жогору дене табы менен кайрылышууда. Оорунун алгачкы күндөрү температура түшпөй жатат. Ата-энелер тынчсызданып ооруканага күнү-түнү кайрылып жатышат”,-деп айтты дарыгер.

Анакеева ооруканада бош орундар калбай калганын жана көпчүлүк балдар амбулатордук дарылоодо болуп жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-temperaturasy-40-41-gradus-bolup-oorugan-baldar-kbjd



Добавить комментарий