Бишкектин коменданты жана селсаяк
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев калаадагы селсаяктарга дагы азык-түлүк жактан жардам берилип жатканын айтты. Ал Кайрат аттуу селсаякка жардам берилгенине токтолду.
"Кайрат мырзадан кыргыз элине салам! Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздердин ыкчам жардамыңыздар менен бүгүн Кайрат мырзага жолуктук. Алгач сиздердин колдооңорго ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы. Кайрат мырзанын ачык көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи ирээт жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөөрүн айтты. Кызматкерлерим тарабынан өзү сураган жерине жеткирилди. Ким экенин тастыктоочу документтерин алууга жардам беребиз. Бардыгыңыздарга ыраазычылык. Бишкек шаарында абал туруктуу жана биздин көзөмөлүбүздө", - деп билдирди Орозалиев.
Эске салсак, социалдык тармакта Кайраттын видеолору тараган. Ал ар кайсы мамлекеттин ири шаарларын жаңылбай так айтып берген. Аны видеого тарткан киши андан бир нече өлкөнүн ири шаарлары кайсы экенин сураган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-komendanty-zhana-selsayak
Добавить комментарий ×