Бишкектин коменданты: сыртта велосипед тээп жүргөндөрдүн велосипеди тартып алынат
Бөлүшүү:
Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев шаарда жакшы аба ырайын шылтоолор велосипед тээп жүргөндөр кармала турганын эскертти.
“Шаарда велосипед тебүүдөн карманууга чакырам. ӨА режиминин талаптарын бузуп, шаарга себепсиз чыксаӊыздар, велосипеддериӊиздер убактылуу алынат. Жакшы аба ырайына карабастан, ата-энелерден балдары менен сейилдебөөгө суранам”, - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал 30-апрелде аяктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-komendanty-syrtka-velosiped-teep-zhrgndrdn-velosipedi-tartyp-alynat
Добавить комментарий ×