Бишкектин эки конушун жакшыртууга 50 млн сом керектелет

7 сентябрь 2021 10:30 1440 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы баш калаанын айланасындагы конуштарды жакшыртуу максатында дароо эки тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалганын “Барометр” билдирет.

«‎‎Мурас-Ордо» конушуна жабык дренаж түйүнүн куруш үчүн 16 млн 294 миң 484 сом керектелет, ал эми «‎‎Бакай-Ата» конушундагы канализацияны курууга 34 млн 497 миң 324 сом керектелет.

Курулушка сарптала турган акча шаардык бюджеттен бөлүнмөкчү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-eki-konushun-zhakshyrtuuga-508-mln-som-kerektelet



Добавить комментарий