Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды
Поделиться в:
Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Джунушалиев кол койду.
Исаков буга чейин президенттин администрациясында аймактар менен өз ара аракеттенүү жана уюштуруу-инспекциялык иштер бөлүмүнүн инспектору кызматын аркалап келген.
Миргазы Исаков 1976-жылы 2-мартта Фрунзе шаарында туулган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, Тышкы иштер министрлигинде, “Кабар” агенттигинде, өкмөттүн аппаратында иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/mirgazy-isakov-bishkek-meriyasynyn-apparat-zhetekchisi-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×