Бишкектин эки конушун жакшыртууга 50 млн сом керектелет
Поделиться в:
Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы баш калаанын айланасындагы конуштарды жакшыртуу максатында дароо эки тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалганын “Барометр” билдирет.
«Мурас-Ордо» конушуна жабык дренаж түйүнүн куруш үчүн 16 млн 294 миң 484 сом керектелет, ал эми «Бакай-Ата» конушундагы канализацияны курууга 34 млн 497 миң 324 сом керектелет.
Курулушка сарптала турган акча шаардык бюджеттен бөлүнмөкчү.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-eki-konushun-zhakshyrtuuga-508-mln-som-kerektelet
Добавить комментарий ×