Бишкектин бардык райондоруна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотулат

1 февраль 2023 10:40 1457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын бардык райондоруна адамдарды жүздөрүнөн  тааный турган видеокамераларды орнотуу сунушталууда. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ИИМ санариптештирүүнун алкагында  республика боюнча  видеобайкоо камераларынын борборлоштурган бирдиктүү тутумун түзүүнү ишке ашырууда.

“Шаардын бир нече райондорунун башчылары менен ИИМДин кызматкерлери жыйын өткөргөн. Аталган жыйында Бишкек шаарындагы санариптештирүүнүн негизги көйгөйлөрү ортого салынып, видеокамералардын иштөө принциптери кеңири каралып, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана  укук бузууларды алдын алуу маселелери талкууга алынган.

Ички иштер министрлиги жыйындын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын  Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин районунун аймактарында адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын орнотуу керектиги тууралуу демилге көтөрүп чыккан. Бишкек шаарында  орнотулуп, андан соң ишке кире турган жаңы видеобайкоо камералар үч айдан кийин ИИМдин борборлоштурулган бирдиктүү тутумуна киргизиле тургандыгы, андан аркы ишмердүүлүгүн толугу менен ички иштер министрлиги мойнуна ала тургандыгы жыйында айтылган. Мына ошол ИИМ көтөргөн демилгенин негизинде Биринчи май райондук администрациясы райондогу коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады. ИИМдин мындай демилгесинин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда ушул багытта иштер колго алына баштады. Анткени, адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаттарынын бири - шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу болуп эсептелет.

Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын ичинен 519 видеокамера коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Ал видеобайкоо камералары 360 градуска айлануу, 500 метрге чейин жакындатуу функциясы менен жабдылган. Ошондой эле бул тутум адамдардын жүздөрүн аныктоо функциясына ээ. Жүздү идентификациялоо - бул сүрөттөгү же видеодогу адамды автоматтык түрдө аныктоого (сүрөттө ким бар экенин таануу) же текшерүүгө (сүрөттө бул адам экенин ырастоо) мүмкүндүк берүүчү технология. Учурда издөөдө жүргөн адамдарды кармоо, дайынсыз жоголгон адамдардын жүргөн жерин аныктоо, тартип бузууларды же мушташтарды алдын алуу, кылмыш бетин ачуу жана жарандарга ар кандай жардамдарды көрсөтүү процесстери жүрүүдө.

Өлкөдөгү бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу көзөмөлгө алынып, өткөн жылы видеокамералар аркылуу 3431 кылмыш жана окуялар аныкталып, ар бири боюнча  мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынды. Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн иши, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайлар видеокамера аркылуу көзөмөлгө алынып турат. Видеобайкоолордун ишин уюштурууга көзөмөл кылып туруу үчүн министрликте атайын Ыкчам башкаруу борбору түзүлүп, бардык региондордун камералары борборлоштурулган бирдиктүү видеобайкоо тутумуна бириктирилип иштеп жатат”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-bardyk-rajondoruna-adamdardy-zhzdrnn-taanyj-turgan-videokameralardy-ornotuu-sunushtaluuda



Добавить комментарий