Бишкектин айрым бөлүктөрүнө эки апта бою газ берилбейт

14 август 2021 10:19 1347 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин айрым райондорунда эки жумага жакын убакыт бою көгүлтүр отун берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын кабарлашканын “Баромтер” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, газды эски жабдууларды алмаштыруу үчүн өчүрүшөт.

16-августтан 27-августка чейин Курманжан Датка, Калинин көчөлөрүнүн аймагында, Чүй проспектисинде газ берилбейт.Ошондой эле Чоң Чүй каналы, «Чыгыш-5» кичи району, Бакай-Ата жаңы конушу, Бишкек ТЭЦи жана Чыгыш менен Лебединовка айылдарында көгүлтүр отун болбойт.

«Газпром Кыргызстан» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттеринен кечирим сурайт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ajrym-blktrn-eki-apta-boyu-gaz-berilbejt



Добавить комментарий