Бишкектин 60 көчөсүнө жол салуу жана оңдоо иштерин Кытайлык ишкана аткарат

3 август 2020 16:56 1401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин 60 көчөсүнө жол салуу жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендерди Кытайлык компания утуп алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгында "Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн сынак өткөн.

"Тендердик сынак Бишкектин дагы 60 көчөсүнө жол салып жана оңдой турган подрядчы компанияны аныктады. Аны “Сhina Road and Bridge Corporation” корпорациясы утуп алды. Жумуш кытай тарап келишимге кол койгондон кийин башталат", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун ишке ашышы менен Бишкекке беш көпүрө курулат жана узундугу 70 чакырым жол оңдолот.




Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-60-kchsn-zhol-saluu-zhana-odoo-ishterin-kytajlyk-ishkana-kylat



Добавить комментарий