Бишкектиктер медициналык кароодон, УЗИден акысыз текшериле алат

2 сентябрь 2021 16:54 2775 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын тургундары калаага караштуу Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан медициналык кароодон, ЭКГ жана УЗИ, ошондой эле көздүн көрүүсүн акысыз текшерте алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, баш калаада 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин COVID-19 вирусуна каршы эмдөөгө арналган кеңири масштабдагы акция жүрүп жатат.

“Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда каттоого турган жана каттоого турбаган калкты хирургдардан турган медицина кызматкерлеринин бригадасы, ЛОР-врачтар, офтальмологдор, неврологдор, эндокринологдор, кардиологдор карап жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары шаардыктар УЗИ, ЭКГдан акысыз текшериле алышат, ошондой эле көздүн көрүүсүн текшертсе болот.

Иштөө убактысы ишемби күндү кошкондо саат 13.00дөн 18.00гө чейин.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektikter-medicinalyk-karoodon-uziden-akysyz-teksherile-alat



Добавить комментарий