Бишкектик аял жаш кызды унаа менен сүзүп, өзү качып кетти
Бөлүшүү:
Унаа менен жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткенге шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Окуя 7-ноябрда эртең мененки саат 8 жарымдар чамасында Ахунбаев көчөсүндө болгон.
2002-жылы туулган бишкектик Ы.Г. аттуу кызды унаа сүзүп кеткен, ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырган.
Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан 1980-жылы туулган «Мазда Демио» унаасынын айдоочусу Ш.Ж. кармалды.
Шектүү милицияга жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektik-ayal-zhash-kyzdy-unaa-menen-szp-z-kachyp-ketti
Добавить комментарий ×